КЕЗДЕМЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:40, 15 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕЗДЕМЕ – атайын токуу станогунда жиптер­ден эриш-аркак токулган текстиль материалы. Кээде кездемеге түк, оймо-чийме, сүрөт түшүрүү үчүн эриш-аркак жиптерден башка да кошумча жиптер пайдаланылат. Кездеме эндей жана даана түрүн­дө (жоолук, дасторкон жана башкалар) иштеп чыгары­лат. Калыңдыгы 5 ммге, эни (туурасы) 1,5 м ге жетет.

Кездеме була курамы, арналышы, ошондой эле, то­куп чыгаруу, көркөмдөө жана түр салуу ыкмала­рына карата класстарга бөлүнөт. Кездеме бардык тек­стиль булалары менен жиптерден токулат. Тек­стиль өнөр жай тармагына жана көп колдонулуучу була курамына жараша кебез, кендир, жүн, жибек кездеме жана башка болуп айырмаланат. Кездеменин түрү бир тектүү, аралаш жана бир тектүү эмес даярдалат. Бир т е к т ү ү кездеме бир түрдүү буладан жасалган жиптен турат же 10% башка жип аралаш­тырылат, а р а л а ш кездеме түрдүү булалардан даярдалган жиптерден кезектештирилип току­лат. Арналышына карата кездеме тиричилик жана техникалык болуп бөлүнөт. Болжол менен кездемелердин жалпы санынын 2/3 бөлүгү тиричилик кездемеси болуп эсептелет. Алар кийимдик (ич кийим, тыш кийим жана башкалар), көркөмдүк (эмеректик, пар­далык жана башкалар) жана ным сиңиргич (сүлгү, салфет­ка жана башкалар) болуп айырмаланат. Кездеме токулуп чык­кандан кийин жасалгаланат. Анда жуулат, агартылат, боёлот, ар кандай түр салынат жана башка технологиялык процесстерден өткөрүлөт.