КЕДРЛҮҮ ӨРӨӨН КОРУГУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 15 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕДРЛҮҮ ӨРӨӨН КОРУГУ Приморье крайын­да, Амур булуңунун батыш жээгинде. Аянты 179 км2. 1916-жылы уникалдуу токой массивин коргоо максатында корукча катары уюшулган. 1934-жылдан СССР ИАнын Ыраакы Чыгыш филиа­лына өткөн; учурда Россия ИАнын Ыраакы Чы­гыш мекемеси; 1964-жылдан биология-топурак институтунун курамында. 2004-жылы ЮНЕСКОнун био­сфералык резерват статусун алган. Кедрлүү суу­сунун алабында Чыгыш-Манжур тоолорунун капталынан (бийиктиги 700 м) орун алган. Табия­ты кооз, аскалуу, кууш кырка тоолор, шаңшаар сымал өрөөндөр, шаркыратмалар мүнөздүү. Ко­руктун 70%и ийне-жазы жалбырактуу ж-а жазы жалбырактуу токой. Токой аянтынын 10%ке жакынын көк карагай ээлейт. Ал реликт каралжын же бүтүн жалбырактуу көк карагай, моңгол эмени, ак чечек, зараң, кайың ж. б-дан

Кедрлүү өрөөн.

турат. Ошондой эле аян карагайы, корей кедринен тур­ган көк карагай-жазы жалбырактуу токойдун чакан массивдери кездешет. Коруктун аймагын­да эңилчектин 80ден, мамык чөптүн 140тан, түтүктүү өсүмдүктүн 860тан, ошондой эле калпактуу козу карындын 540тан ашык түрү бар. РСФСРдин Кызыл китебине өсүмдүктөрдүн 11, сүт эмүүчүлөрдүн 50, канаттуулардын 200гө жакы­ны анын ичинде күкүктүн 5, тоңкулдактын 7, жерде­-сууда жашоочулардын 8, сойлоочулардын 8 түрү киргизилген. Ал эми Россиянын Кызыл ките­бине – амур жолборсу, кабылан, уссурия чаар бугусу, кара жору, кабырчыктуу арам өрдөк, япон эчки маарагы, карчыгалуу жаман сары ж. б. кирген.