КЕГЕТИ ӨРӨӨНҮ
КЕГЕТИ ӨРӨӨНҮ Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталында. Узундугу 35 км, таманынын жазы жери (Чүй өрөөнүнө чыга бериште) 3–4 км, кууш жери (ортоңку бөлүгүндө) 400–600 м. Өрөөндүн ооз (түндүк) тарабы деңиз деңгээлинен 1400 м, төрү 3600 м бийикте жайгашкан. Эрозиялык ж-а денудациялык процесстерден пайда болгон. Көп бөлүгү V сымал. Таманында төртүнчүлүк мезгилдин чөкмө тоо тектери жокко эсе. Кегети өрөөнүнүн ландшафтына бийиктик зоналуулук мүнөздүү. Анда талаа ж-а шалбаалуу талаа, бийик чөптүү шалбаа, бадал аралаш субальп, альп шалбаасы мүнөздүү. Бийик чөптүү шалбаа аралаш өскөн карагай токою, аскалуу тоо беттери өрөөндүн табиятына өзгөчө кооздук берип турат. Баш жагында көл ж-а шаркыратма бар. Кегети аркылуу Чүй өрөөнү м-н Кочкор ойдуңуна мал ашырылат.