КЕГЕТИ ШАРКЫРАТМАСЫ
КЕГЕТИ ШАРКЫРАТМАСЫ Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталында. Чүй районунун аймагында. Кегети суусунун сол куймасынын капчыгайы негизги өрөөнгө кошулган жердеги акиташтуу тик кашат аркылуу түшөт. Бийиктиги 18–20 м. Өрөөн аркылуу өткөн кара жолго жакын болгондуктан, туристтердин эс алуусуна ыңгайлуу.