КИТЕПКАНАЛЫК-БИБЛИОГРАФИЯЛЫК КЛАССИФИКАЦИЯ
КИТЕПКАНАЛЫК-БИБЛИОГРАФИЯЛЫК КЛАССИФИКА́ЦИЯ – китеп, журналдардын (же айрым документтердин) мазмуну, басылуу формасы, окурмандарга багытталышы жана башка касиетине карай класска бөлүнүп иреттелиши. Мазмунуна карата китепкана-библиографиялык классификация универсал жана тармактык деп бөлүнөт. Китепкана-библиографиялык классификация системалык каталогдун жана библиографиялык карточкалардын түзүлүшүнө жараша болот.