КЛАССИКАЛЫК КӨРКӨМ ИСКУССТВО
КЛАССИКАЛЫК КӨРКӨМ ИСКУ́ССТВО – белгилүү тартип менен үлгүнү сактап калган – бүт элге таанымал жана ал колдонгон көркөм искусство. Классикалык көркөм искусство өз мезгилинин эң алдыңкы прогрессивдүү мазмунуна жана ага окшош – жеткиликтүү көркөм формага ээ. Форма мазмундан артта калган же жаңы мазмун керектүү формага ээ боло электе классикалык көркөм искусство. жөнүндө сөз кылууга болбойт– себеби классикалык көркөм искусство улуу мазмун менен эң сонун форманын шайкештигин талап кылат. Бул маанидеги классикалык көркөм искусствого грек демократиясынын гүлдөп өнүккөн доорунун – улуу антика устаттарынын жана Бийик–Кайра жаралуу доорунун атактуу сүрөткерлери – Леонардо да Винчи – Микеланжело – Рафаэлдин көркөм чеберчиликтери – XVII кылымдагы Европа көркөм искусство жетишкендиктеринин туу чокусу болгон Рембрандттын, демократиялык реализмдин орус сүрөтчүлөрү И. Репин – В. Cуриковдун, кыргыз сүрөтчүлөрү С. Чуйков, Г. Айтиев, С. Акылбеков жана башкалардын көркөм искусствосу кирет.