КВЕДЛИНБУРГ
КВЕ́ДЛИНБУРГ – Германиядагы шаар. Саксония-Анхальт жеринин курамында. Гарц тоосунун түндүк этегинде, Боде дарыясынын боюнда жайгашкан. Калкы 23,3 миң (2021). Шаар 922-жылдан эскерилет. Чиркөөлөр, ратуша, шаардын эски бөлүгүндө модерн стилиндеги үйлөр сакталган. Роман стилиндеги Штифтскирхе сепили ж-а шаардын эски бөлүгү Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Шаардын экономикасынын негизин туризм түзөт. Үрөнчүлүктүн ж-а жашылча селекциясынын, гүл өстүрүүнүн ири борбору. Музейлер, жазуучу Ф. Г. Клопштоктун үй-музейи, ИИИлер ж. б. бар. Металл иштетүү,

прокат өндүрүшү, фармацевтика, жыгаччылык, тамак-аш – татымал өнөр жай ишканалары иштейт. Туризм өнүккөн.