«КОЖОЖАШ»
«КОЖОЖАШ» – кыргыз эл дастаны. Кожожаш мерген жөнүндөгү окуянын эл арасына таралышы легенда-аңыздарды жараткан. Ал аңыз-легендалардын мазмунуна караганда, айылдан чыккан мыкты мерген ачарчылыкта, оорчулук учурда жалаң илбээсин, кийиктерди атып келип, элди ачкачылыктан куткарып, өлүмдөн сактап калган. Мына ушундай аңыз-легендадан «Кожожаш» эпосу пайда болгон. Аны айрым изилдөөчүлөр баатырдык эпоско ыйгарса, кээ бири социалдык турмуштук эпоско ыйгарып жүрөт. Кытай уруусунан чыккан көзгө атар мерген Кожожаштын Зулайка сулууга үйлөнүшү, касиеттүү кайберен Сур эчки менен эрегиши, Сур эчкинин каргышына калып мерт болушу, Кожожаштын уулу Молдожаш баралына жеткенде атасынын кунун кууп, Сур эчкиден өч алышы эпостун сюжеттик негизин түзөт. Дастандын уюткусу элдин аң-сезиминде реалисттик таанымдын мифологиялык ой жүгүртүү жана диний ишенимдер дин жуурулушунан жаралган деп болжоого болот. Дастанда өзгөчө адам баласы менен жаратылыш ортосундагы аң-сезимдүү байланыш, адамдын ага болгон адеп-ахлактык мамилеси курч коюлган. Адамдын билгенден билбестикке ташталган кадамынын түбөлүктүүлүгү жана анын жеңиштүү болору да турмуштун өсүп-өнүгүү логикасына ылайык берилген. «Кожожаштын» үч варианты бар. Биринчи вариантын 1923-жылы К. Мифтаков С. Конокбаевден жазып алган; экинчи варианты А. Үсөнбаевдин айтуусу боюнча кагазга түшүрүлүп, 1938-жылы жарыкка чыккан; үчүнчү варианты 1949-жылы фольклорист З. Мамытбеков айтуучу Т. Жээнтаевден жазып алган. Бул варианттар ортосунда кескин айырма жок. Албетте, ар бир айтуучунун окуяны баяндоо манерасы, көркөм көрө билүүсү жана образ жаратуу ыкмаларында айырмалар бар. «Кожожаш» эпосунун негизинде М. Байжиев «Байыркы жомок» (1975) аттуу драма жазган. Драма «Кожожаштагы» коюлган проблемалар бүгүнкү көркөм өркүндөөнүн талабына шайкеш жаңы мазмунга ээ. 1984-жылы «Ак илбирстин тукуму» аттуу фильм тартылган (режиссер Т. Океев). 1985-жылы Берлинде өткөн кинофестивалда «Серебрянный Медведь» сыйлыгына татыктуу болгон.
Ад.: Кыргыз адабиятынын тарыхы. 3-том. Б., 2002.