КОЛ ЖАЗМА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:30, 15 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Батма (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЛ ЖАЗМА – 1) Кол менен жазылган чыгарма же документ. Байыркы кол жазмалардын дарек ка­тары мааниси чоң. Аларды палеография илими изилдейт. 2) Кеңири маанисинде, кол менен же компьютерде жазылган текст. 3) Басма ишин­де, автор басмага өткөргөн текст. Чыгарманын автордук кол жазмасы – башкача айтканда автограф.