КВАНТТЫК ХИМИЯ
КВАНТТЫК ХИ́МИЯ – химиялык реакцияларда бирикмелердин түзүлүшүн, касиетин, алардын бири-бири м-н болгон аракетин ж-а айлануусун кванттык механиканын көз карашынын ж-а анын ыкмаларынын негизинде кароочу химиянын теориялык бөлүгү. Ал химиялык байланыштардын табияты, валенттүүлүк, молекулалардын электрондук түзүлүшү жөнүндөгү окууну камтуу м-н, молекулалардын спектрскопиялык, электрдик, магниттик касиеттери, алардын өз ара аракеттенүү күчүн, реакцияга кирүү жөндөмдүүлүгүн кванттык механиканын ыкмаларынын негизинде түшүндүрөт. Кванттык механикада атом-молекулалык системанын касиетин Шрёдингер теңдемеси, Паули принциби ж-а универсалдуу физикалык туруктуулуктардын негизинде эсептөөгө болот. Бул теңдеме көп электрондуу системалар үчүн так чыкпайт. Мындай системалар үчүн жакындаштырылган ыкмалар – валенттик байланыш ж-а молекулалык орбитал ыкмалары пайдаланылат. Объектинин татаалдыгына, изилдөөнүн максатына жараша эмпириялык эмес же андан да жөнөкөй жарым эмпириялык эсептөө ыкмалары колдонулат. Эмпириялык эмес ыкмалар аркылуу системадагы ядролордун ж-а электрондордун саны, ошондой эле ядролордун заряддары ж-а фундаменталдык турактуулардын маанилери берилет. Жарым эмпириялык ыкмаларда, кошумча түрүндө, эсептөөгө кирүүчү айрым чоңдуктардын маанилери тажрыйбадан алынат. Молекуланын электрондук түзүлүшүнүн анализи, химиялык байланыштын ар кандай түрлөрүн, классикалык химиялык түзүлүш теориясынын ж-а химиялык кинетиканын көпчүлүк түшүнүктөрүн талкуулоого мүмкүндүк берди. Кванттык химиянын негизинде молекуланын электрондук спектрлеринин жутулушу ж-а люминесценциянын теориялары, фотоэлектрондук ж-а рентгенэлектрондук спектрлер теориялары иштелип чыккан. Молекулалардын электрдик ж-а магниттик касиеттеринин кванттык теориясы химияга изилдөөнүн физикалык методдорун жайылтууга көмөк берди ж-а тажрыйбалык натыйжаларды талкуулоону бир кыйла жеңилдетти. Кванттык химиянын ыкмалары молекулалык биологияда, биологиялык мембраналардын моделдерин эсептөөдө, булчуңдардын иштешин моделдөөдө ж. б. колдонулат.
Ад.: Степанов Н. Ф. Квантовая механика и квантовая химия. М., 2001; Майор И. Избранные главы квантовой химии. Доказательства теорем и вывод формул. М., 2006.