КВАНТТЫК САНДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:40, 15 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КВАНТТЫК САНДАР – айрым элементардык бөлүкчөлөрдүн ж-а кванттык системалардын (атом ядросу, атом, молекула ж. б.) абалын мүнөздөөчү физикалык чоңдуктардын мүмкүн болгон дискреттүү (үзгүлтүксүз) маанилерин аныктоочу бүтүн же бөлчөктүү сандар. Кванттык сандар физикага би­ринчи жолу атом спектрлерин изилдөөдө таж­рыйбада алынган закон ченемин түшүндүрүүдө киргизилген. Бирок кванттык сандардын мааниси ж-а ага жараша микробөлүкчөлөрдү мүнөздөөчү бир ка­тар физикалык чоңдуктардын дискреттүү болушу кванттык механика тарабынан ачылган. Атом электрондорунун абалы анын төрт эркин дара­жасына туура келүүчү төрт кванттык сандар аркылуу анык­талат. Суутектин ж-а суутек сымал атомдордун абалы n, l, mi, ms кванттык сандар м-н мүнөздөлөт. Н е г и з­г и (башкы) кванттык сандар n=1, 2, 3, ... электрондун туруктуу абалындагы энергия деңгээлин анык­тайт. А з и м у т т у к (же о р б и т а л ы к) кванттык сандар l=0, 1, 2, ..., n–1 электрон орбитасындагы кыймыл сан моментинин квадратынын маанилеринин спектрин берет: Мi2=h2l(l+1). М а г­н и т т и к кванттык сандар mi орбиталык моменттин Мi кандайдыр бир эркин тандалып алынган ба­гытка (z огу деп кабыл алынуучу) түшүрүлгөн проекциянын Мi z мүмкүн болгон маанилерин мүнөздөйт: Мi =hmi. С п и н д и к кванттык сандар ms элек­трондун спининин проекциясынын мүмкүн бол­гон маанилерин мүнөздөйт ж-а эки мааниге ээ ms=±1/2.