КЕЛЕМИШТЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:50, 14 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕЛЕМИШТЕР, к е л е с т е р (Rattus) – ке­мирүүчүлөрдүн чычкандар тукумундагы уруусу. Дене узундугу 8–30 см, куйругу денесинен узун же кыска. Тумшугу учтуу, кулагы калдагай, 70тей түрү белгилүү. Алардын 280дей түрү Азия ж-а Африканын тропик токойлорунда, ошондой эле адам м-н кошо бардык жерге таралган. КМШ өлкөлө­рүндө 3 түрү: боз келемиш, кара келемиш ж-а түрк келемиши кездешет. Түрк келемиши Борбордук Азияда, Кыргызстандын тоолуу токойлорунда жо­лугат. 3–4 айлыгында жетилип, ургаачысы жылына 2–4 жолу тукумдап, 1–17 бала тууйт.
Келемиштер өсүмдүк м-н, кээси эт жечүлөр, көбү ылга­бай азыктанат, күүгүмдө, түнкүсүн активдүү. Ий­инге, коңулга 20 кгга жакын азык ташып, кыш­ка камдайт, айдоого зыян келтирет. Келемиштер жу­гушту оорул- ардын козгогучтарын алып жүрүүчүлөр.