КОНГЛОМЕРАТ
КОНГЛОМЕРА́Т г е о л о г и я д а – тоголок, жумуру, сүйрү таштардын биригип камдашып, цементтелген түрү. Чөкмө тектерге кирет. Кесек бөлүкчөлөрдүн чоңдугу 1–10 смге жетет. Темир кычкылы, карбонат, чопо, кремний м-н цементтелет. Кээде кум, сайташ кездешет. Кесек талкаланган жумуру, тоголок бөлүкчөлөрдүн курамына карата мономиктүү (бир түрдүү тектерден турган), пайда болушу б-ча аллювий, пролювий, көл ж-а деңиз чөкмөлөрү болуп бөлүнөт. Бардык геол. мезгилдерде кездешет. Катмар пайда кылышы байыркы доорлордогу тектердин талкаланышын билгизет. Курулуш материалы болуп саналат. Айрым учурда цементтеринин курамында алтын, платина ж. б. чачыранды кендер жолугат.