КОНВЕРГЕНЦИЯ ЗОНАСЫ
КОНВЕРГЕ́НЦИЯ ЗОНАСЫ – Дүйнөлүк океан бетиндеги агымдардын бири бирине кездешип, суунун чөккөн аймагы. Адатта, жылуу ж-а муздак суулардын кошулган жеринде пайда болот. К. з. океан табиятынын эң негизги бөлүгү катары тереңдиктеги катмарын салыштырмалуу жогорку темп-ра ж-а кычкылтек м-н камсыз кылат. Дүйнөлүк океанда туруктуу 4 К. з. белгиленген: түн. ж-а түш. субполярдык м-н түн. ж-а түш. субтропиктик. Түш. уюлга жакын К. з. 50° ж-а 60° түш. кеңдиктердин аралыгында Жер шарын курчап жатат.