КОМУЗ
КОМУЗ , ч е р т м е к – кыргыз элинин улуттук кылдуу чертме муз. аспабы. Түрк элдеринде улуттук тартма, чертме ж-а какма аспаптардын кобус (хобус), комыс, кобуз (хомуз), кумуз деп аталышы К-дун эң байыркы аспап экенин далилдейт. К. экме ж-а жапайы жыгачтардан (өрүк, алмурут, карагай, арча, жапан тал) алмурут түспөлүндө чабылып, моюну ичкерип кетет. Жалбырагы күбүлгөн ж-а мөмөсү бышкан кезде кыйылган өрүктүн жыгачы сомдолуп, сууга кайнатылып, ышталып чабылган К. бек ж-а добуштуу болот. К-дун жалпы уз. 75 см чамалуу. К. турпаты баш, моюн, тулку, чара, капкак, куткун, тепкек, үч кулак, үч кылдан турат. Эки четки кылы унисондо, ортонкусу четкиге карай квинтага же квартага толгонот. Кулагы өрүктөн,

арчадан же мүйүздөн, ал эми кылы көбүнчө эки тиштүү кыргыз койлорунун ичегисинен жасалат. Муздак сууга салынган ичеги сыдыргы м-н тазаланган соң, ийик м-н оңго ийрилип, анан аябай кере тартылып коюлат (кийин ичеги кылдын ордуна тарамыш же жасалма тарамыш жип тагылып калды). Залкар комузчулар кылды добушуна жараша өтө кылдаттык м-н тандашкан. Кээде бир койдун ичегисинен бир кыл гана жасалган. 1930-жылдары эл аспаптар оркестри үчүн К-дун өркүндөтүлгөн беш түрү (комуз-пикколо, комуз-прима, комуз-альт, комуз-тенор, комуз-бас) жасалган. 1952–53-ж. А. Петросянц м-н С. Диденко К-дун дагы жаңы түрүн сунуш кылып, ал Ташкент мамл. консерваториясынын эл аспаптарын өркүндөтүү б-ча эксперименттик лабор-нда жүзөгө ашырган. Азыр Кыргыз эл аспаптар оркестринде К-дун төрт түрү (комуз-прима, комуз-секунда, комузальт, комуз-бас) чертилет. К-да күүлөр чертилип, ырлар коштолот ж-а оркестрде ойнолот. Усталар Ш. Исаков м-н К. Тойчинов жасаган электр комуз да колдонулуп жүрөт. К-ду мыкты чапкан усталар: Айманбет, Жансерке, Чалагыз Иманкулов, азыр Нурак Абдрахманов, Орозобай Кенчинбаев, Намазбек Уралиев. К. черткендерди комузчу, чертмекчи дешет.
Б. Алагушов.