КОМПЬЕН ЖАРАШУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОМПЬЕ́Н ЖАРАШУУСУ – 1) 1-дүйнөлүк со­гушта (1914–18) жеңилген Германия м-н анын каршылаштары – АКШ, Англия, Франция ж. б. антигерманиялык коалициядагы өлкөлөр орто­сунда 1918-ж. 11-ноябрда Компьен токоюндагы Ретонд станциясына жакын жерде (Франция) түзүлгөн келишим. К. ж. б-ча Германия Евро­падагы өзү басып алган аймактардан куралдуу күчтөрүн алып кетүүгө милдеттендирилген. Ал эми Германия басып алган сов. аймактан анын аскерлерин чыгаруу каралган эмес. Алар сов. Россияга ж-а Германиядагы рев-ячыл кыймылга каршы күрөшүү үчүн Германия армиясынын бир бөлүгүн сактаган. К. ж. Версаль тынчтык ке­лишиминин (1919) түзүлүшүнө алып келген; 2) 2-дүйнөлүк согуш учурунда 1940-ж. 22-июн­да ошол эле жерде фашисттик Германия Франциянын А. Ф. Петен жетектеген чыккын­чыл өкмөтү кол койгон келишим. Ал б-ча Пе­тендин өкмөтү фашисттик Германияга каршы­лык көрсөтүүнү токтотуп, гитлерчилер Фран­циянын 2/ бөлүгүн оккупациялап, Франция армиясы м-н флоту таркатылып, курал-жарак немистердин командачылыгына өткөрүлгөн. 1944-ж. гана Франция Германиянын 4 жылдык эзүүсүнөн кутулуп, К. ж. биротоло күчүн жо­готкон.


Ад.: Международная политика новейшего времени в договорах, нотах и декларациях. Т. 2, М., 1926.