КОМПОЗИЦИЯ
КОМПОЗИ́ЦИЯ (лат. сompositiо – түзүү, ойлоп табуу дегенден) – 1) көркөм чыгарманын курулушу; көркөм форманын маанилүү компоненти. Ал чыгарманын мазмунуна, мүнөзүнө ж-а аткарган милдетине ылайык түзүлөт. К. иск-
вонун түрүнө, чыгарманын идеясына, материалына жараша ар кыл мүнөздө, ар кандай ченемде берилет. К. а д а б и я т т а чыгарманын көркөм формасынын бөлүктөрүн максатка ылайык жайгаштырып, өз ара байланыштырат. К-нын компоненттерине автордук баяндоо, лирикалык чегинүү, портрет, пейзаж, интерьер
ж. б. кирет. Ал эми драмада сцена – К-нын өз
алдынча өтө ири компоненти. Лирикада К. өзүнчө өзгөчөлүккө ээ. Анда чен, ыргак, уйкаштык, интонация, ойдун ырааттуу өнүктүрүлүшү маанилүү роль ойнойт. 20-к-дын аягында К-нын маанисинин күчөшүнө монтаждын пайда болушу (адегенде кинодо, кийин театрда ж-а ад-тта) зор таасир тийгизди. К. п л а с т и к а ө н өр ү н д ө көркөм формаларды түзүүчү айрым учурларды (симметрия, асимметрия, масштаб, ритм, нюанс, контраст ж. б.) бириктирет; а рх и т е к т у р а д а көркөм идеялык принциптердин негизинде түзүлүп, айрым имараттардын, курулуштардын, бүткүл шаар курулушунун пландалышын ж-а көрүнүшүн аныктайт; с үр ө т ө н ө р ү н д ө чыгарманын идея, сюжет ж-а тематикасынын конкреттүү иштелишин туюндурат. Музыкадагы К. ж-дө к. Музыкалык
форма. Ш а х м а т т а г ы К. – шахмат этюддарынын ж-а маселелеринин түзүлүшү; 2) музыка, живопись, скульптура же графика чыгармалары, б. а. композитордун, сүрөтчүнүн чыглык эмгегинин натыйжасы; 3) иск-вонун ар кандай түрлөрүн камтыган татаал көркөм чыгарма; окуу жайларда (консерватория ж. б.)
өзгөчө окуу предмети катары өтүлөт. К. гармония, полифония, муз. чыгармаларды талдоо сыяктуу муз. теор. предметтер м-н тыгыз байланышта окулат.
Ад.: Успенский Б. Поэтика композиции. М., 1970; Архитектурная композиция. М., 1970; Тимофеев Л. И. Основы теории литературы. М., 1971; Волков Н. Н. Композиция в живописи. М., 1977; Объемно-пространственная композиция /Ред. А. В. Степанов. М., 1993; Теория современной композиции. М., 2007.