КОМПЛЕКС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КО́МПЛЕКС (лат. complexus – байланыш, ай­калыш) – комбинаторика топологиясынын не­гизги түшүнүктөрүнүн бири. Комбинаторика то­пологиясында геом. фигураларды элементардык фигураларга бөлүп кароо негизги ролду ойнойт. Геом. фигураларды симплекстерден, б. а. 3 өл­чөмдүү мейкиндиктеги чекиттерден, кесинди­лерден, үч бурчтуктардан ж-а тетраэдрлерден турат деп кароо ыңгайлуу. Евклид (же гиль­берт) мейкиндигинде жайгашкан ж-а төмөн­күдөй касиетке ээ болгон кандайдыр бир симп­лекстердин чектүү көптүгү К. болот; бул көптүк­түн эки симплекси же алардын жалпы чекитте­ринин тобу эки симплекстин жалпы граны боло алат.