КОМПАНИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОМПА́НИЯ (фр. compagnie; англ. company) – коммерциялык же өндүрүштүк ишмердик үчүн түзүлгөн жактардын ассоциациясы. К. өнөк­төштүктүн– корпорациянын принциптеринде аракеттенет– о. эле ишкердиктин башка түрлө­рүнө ээ боло алат. Мындай өнөктөштүк К-нын


карыздары үчүн толук жоопкерчиликтүү эки же бир нече жеке адамдардын ортосундагы кели­шимдин негизинде түзүлгөн ишкер уюмдун бир түрү болуп эсептелет. Жоопкерчилиги чектел­ген К. өз пайынын (салган капиталынын) че­гинде карыздары үчүн чектелген жоопкерчилик­ке ээ. Инвестициялык компания (трест) менчик баалуу кагаздарын корпорациянын баалуу ка­газдарына сатуу аркылуу мобилизациялануучу капиталды алат. К-нын инвестициясынан алын­ган киреше оперативдүү чыгымдарга ж-а К. мү­чөлөрүнө дивиденддерди төлөөгө жумшалат. Коммерциялык кредит К-сы адистештирилген кредиттөөнү ишке ашырат. Холдинг К-сы опе­ративдүү К-нын ишмердигине контролдук кы­луучу көлөмдөгү башка К-нын (көбүнчө опера­тивдүү) акцияларына ээлик кылат. Оперативдүү К. бизнести уюштуруучунун милдетин аткарат. Бир эле мезгилде оперативдүү ж-а холдинг бол­гон К. да кездешет.