КОМПАКТТУУЛУК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОМПАКТТУУЛУК (лат. compactus – тыгыз, кысылган) – топологиядагы негизги түшүнүк­төрдүн бири; эгерде көптүк чекиттеринин (эле­менттеринин) каалаган чексиз удаалаштыгы да ошол көптүккө тиешелүү жок дегенде бир пре­делдик чекит болсо, анда ал компакттуу көптүк деп аталат. Тегиздиктеги бардык чектелген туюк көптүк К-ка мисал болот. Метрикалык мейкин­дик элементтеринен түзүлгөн ар бир удаалаш­тык пределдик чекитке ээ болсо, андай мейкин­дик да компакттуу. Компакттуу мейкиндиктер төмөнкүдөй касиеттерге ээ: 1) компакттуу мей­киндиктердин каалагандай декарттык көбөй­түндүсү кайрадан компакттуу мейкиндик болот; компакттуу мейкиндикте аныкталган үзгүл­түксүз функция төмөнкү ж-а жогорку чекке ээ; компакттуу мейкиндиктин үзгүлтүксүз чагыл­дырууда түспөлү кайрадан компакттуу мейкин­дикти берет. Матем. анализде Вейерштрасс прин­циби чоң мааниге ээ, мында чыныгы сандар­дын чектелген көптүгү К. деп аталган. Функция­лар теориясында ж-а функциялык анализде компакттуу функциялардын көптүгү негизги роль ойнойт.