КОММУНИЗМ 2
КОММУНИ́ЗМ – Баткен обл-нун Лейлек р-нундагы кыштак. Кулунду айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 630 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Исфана ш-нан 40 км түн.-чыгыш тарапта. Пролетарск (Тажикстан) т. ж. бекетинен 20 км. Кыштак 1955-ж. пайда болгон. Калкы 3370 (2010); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, ФАП бар.