КОММУНИЗМ 1

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОММУНИ́ЗМ (лат. kommunic – орток, жал­пы) – маркстик концепцияда капитализмди алмаштыруучу ж-а өндүрүш каражаттарына болгон жалпы менчикке негизделген коомдук­экон. көрүнүш; К. өндүрүш каражаты жалпы элдик менчикке айланган, коомдун бардык мүчөлөрү социалдык теңчиликке жетишкен, «ар кимдин жөндөмүнө жараша, ар кимге керегине жараша» деген принципти ишке ашыруучу тап­сыз коомдук түзүлүш. К. – социализмдин өнүк­көн, жогорку баскычы катары каралат. Учурда бул термин мурдагы Сов. Союзунун ж-а анын өнөктөштөрүнүн саясий ж-а экон. түзүлүшүн мүнөздөгөнгө колдонулат. К. идеясы пайда бол­гондон эле (байыркы Кытай, Грек, Рим ж. б. өлкөлөрдө) мүлктүн орток ж-а адамдардын тең укуктуу болушу талап кылынган. Бул талап­ты 15-к-да Чехияда гусчулар кыймылынын (М. Гуска), 16-к-да Германияда дыйкандар со­гушунун (Т. Мюнцер), 17-к-да Англияда, 18- к-да Францияда бурж. рев-янын катышуучула­ры (Ж. Уинстэнли, Г. Бабёф) рев-ялык күрөш-


түн урааны катары жарыялашкан. 16–17-к-да көптөгөн гуманисттер (Т. Мор, Платон ж. б.), 18-к-да Француз агартуучулары (Морелли, Г. Маб­ли ж. б.) К. идеясы ж-дө көз караштарды иш­теп чыгышкан. 19-к-да А. Сен-Симон, Ш. Фу­рье, Р. Оуэн сыяктуу утопист-социалисттер К. ж-дөгү түшүнүктөргө эмгек, адам муктажды­гын канааттандыруу, эмгекке жараша бөлүштү­рүү ж. б. идеяларды киргизген. Бирок, утопия­лык коомдо жеке менчикке, мүлк теңсиздигине жол беришкен. 19-к-дын 40-жылдарында К. Маркс м-н Ф. Энгельс К-дин ил. теориясын (пролетар­дык рев-янын негизинде капитализмди кула­тып, социализмге өтүү ж-а коммунисттик коомду куруу мыйзам ченемдери ж. б.) иштеп чыгыш­кан. Марксизм теориясы коомдук өнүгүүнүн мыйзам ченемдүүлүгүн түшүндүрүп гана тим бол­бой, аны өзгөртүү жолдорун аныктап, социа­лизмди утопиядан илимге айландырган. В. И. Ле­нин К. теориясын андан ары өнүктүргөн, бирок Коммунисттик идеяны коомдук турмуштун бар­дык чөйрөлөрүндө башкаруучу партия мамл. органдарды такыба көзөмөлгө алышына жол берген доктринага айландырып жиберген. Бул доктринанын 2 негизги элементи болгон. Би­ринчиден, жумушчу табынын кызыкчылыкта­рын көздөгөн Коммунисттик партия жетекчи­лик ролду ойногон. Партия «демократиялык централизм» принцибинин негизинде иш жүргү­зүп, мамл. башкаруу органдарын көзөмөлдөгөн. Экинчиден, коомдук менчик ж-а экономиканы пландоо болгон. Эл чарбасы, ө. ж. тармагы пландуу экономика аркылуу ишке ашырылып, аны кеңири алкакта борбордоштуруу саясаты жүргүзүлгөн. А. ч. ишканаларына, завод-фабри­каларга алдын ала өндүрүш тапшырмалары бе­рилип, баалар түзүлүп, эмгек нормалары анык­талган. Рынок экономикасына ж-а өндүрүш ка­ражаттарынын жеке менчикке өтүүсүнө тыюу салынган. Бирок, бул принцип толугу м-н ишке ашкан эмес. Мис., Сов. Союзунда пролетариат диктатурасынын принцибине ылайык тотали­тардык бийликтин орношуна жол берилген. Коммунисттик моделдин натыйжасыздыгынан ж-а демократиянын жоктугунан Батыш Евро­пада (марксизмдин жактоочулары тарабынан деле) көп айыптала баштаган. 1970-ж. евроком­мунизм идеялары м-н куралданган батыштагы Коммунисттик партиялар лениндик «пролета­риат диктатурасы» теориясынан баш тартып, демокр. ин-ттарды кабыл алган. Кийинки он жылдыкта К-ди ортодокстук ревизиялоо Сов. Союзуна ж-а Чыгыш Европа өлкөлөрүнө кеңи­ри жайылган; натыйжада, тынчтык рев-ялары­нын негизинде Коммунисттик партиянын бий­лиги жоюлуп, рынок экономикасына ж-а эр­кин демократияга жол ачылды. Агр. коомдон индустриялаштырууга өтүүдө К-дин ойногон ролуна тарых келечекте өз баасын бериши мүмкүн, бирок К. ж-дөгү идеялар адам тарыхы­нын акыркы максаты болуп эсептелбейт, би­рок ыймандуу салымдары м-н К. кандайдыр бир деңгээлде коомдо жашай берет.

Ш. Керимова.