КОМИЦИЙЛЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОМИЦИЙЛЕР (лат. comitia – чогулам) – Ба­йыркы Римде мыйзам кабыл алып, согуш ж-а тынчтык маселелерин чече турган кызмат адам­дарын шайлай турган элдик чогулуш. К-дин 3 түрү болгон. Куриялык К. – куриялар б-ча пат­рицийлердин чогулушу. Аны адегенде интеррекс­тер ж-а падышалар (б. з. ч. 8–6-к-да) чакырып, падышаны шайлоо, согуш, тынчтык ж. б. ма­селелерди чечүү үчүн өткөрүлгөн. Респ. доордо К-дин башка түрлөрү пайда болгон соң, анын саясий мааниси жоголгон. Центуриялык К. – центуриялар б-ча плебей ж-а патрицийлерди бириктирип өтүлгөн чогулуш. Центуриялык К-лер согуш ж-а тынчтык, жогорку магистрат­тарды шайлоо маселелерин чечип, сот милде­тин аткарган. Аны жогорку магистраттар Марс талаасында өткөргөн. Трибалык К. – триба-ду­бан аймактары б-ча бардык жарандардын чогу­лушу. Аны чогулуштарда элдик трибундар ж-а плебей эдилдери шайлаган. Плебей м-н патри­цийлердин күрөшүнүн натыйжасында б. з. ч. 287-жылдан Гортензия мыйзамы б-ча алар мый­зам чыгаруу, соттук ж-а магистраттарды шай­лоо бийлигин алып, элдик чогулуштун бир түрү болуп калган. 1-к-дын аягында К. маанисин жоготкон.