КОМИЛЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОМИЛЕР (өздөрүн к о м и м о р т, к о м и­в о й т ы р деп аташат) к о м и - з ы р я н­д а р – Россияда жашаган эл, Коми Респ-нын негизги калкы. Архангел, Мурман, Свердлов, Омск, Тюмень обл-нда, Ненец, Ямал-Ненец ж-а Ханты-Мансы автоном округдарында да жа­шайт. Жалпы саны 344, 5 миң киши, анын 292 ми ңи К омиде (2000).

Коми тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери – пра­вославныйлар, эски ырым-жырымдарды тут­кандары да бар. К. коми­пермяктар ж-а удмурддар

м-н тектеш. Алар жогор­ку вычегда, вымич, ижем, печор, прилуз, сы­соль, удор ж. б. этностук топторго бөлүнөт. К-дин этностук негизин пермь­вычегда уруулары, веп­сы, байыркы марийлер, обь угорлорунун ата­бабалары, чыгыш славяндар түзгөн. К. дыйкан­чылык, мал чарбачылык (бугу багуучулук), ба­лык уулоо, о. эле аңчылык м-н кесиптенишип, оймо-чиймелер м-н кооздолгон, жыгачтан са­лынган үйлөрдө жашашкан. Аялдары жеңи узун көйнөк, сарафан, кыска, кенен тигилген күрмө, башына кокошник (түн. орус дыйкан аялдарынын байыркы баш кийими) эркектери шымдын сыртына көйнөгүн чыгарып, кур кур­чанып, кышкысын тон, башына кийиз калпак же кой терисинен жасалган баш кийим кийиш­кен. Тамак-ашы негизинен эт, балык, дан азык­тары.