КОМЕДИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОМЕ́ДИЯ (гр. k–m–dia) – драмадагы жанр, күлкүлүү, тамашалуу ж-а сатиралык мазмунда­гы драмалык чыгарма; трагедиянын карама­каршысы. Байыркы Грекияда «К.» термини адегенде шайыр ыр деген маанини туюндурган– финалы бактылуу аяктаган чыгарманы К. деп аташкан. К-нын каарманы, эреже катары, тө­мөнкү катмардагы адамдар болгон. Классицизм­ге чейинки көп поэтикаларда К. «пас» жанр катары каралган. К. 19-к-да– айрыкча 20-к-да эркин ж-а көп кырдуу жанрга айланган. К-да

Т. Абдумомунов, «Машырбек үйлөнөт». Машырбек – М. Токтобаев, Шакыйна – К. Муратова. 1977.

коомдук идеалга же нормага сыйбаган терс көрүнүштөр, кыял-жоруктар сындалат, шыл­дыңдалат, ошондуктан ага юмор, ирония, сати­ра да мүнөздүү болуп, кандайдыр бир мазмун сыйдырылат. К-нын диапазону өтө кеңири: ал саясий сатирадан жеңил водевилдик юморго че­йинки жанрды камтыйт. Коомдук-саясий сати­раны жараткан Аристофанды К-нын атасы деп аташат. Дүйнөлүк ад-тта К-нын өнүгүшүнө анын классикалык үлгүлөрүн жараткан грек Менандр, римдик Теренций, испан Лопе де Вега, англис У. Шекспир, француз Мольер, орус А. С. Грибое­дов, Н. В. Гоголь, А. Н. Островский, А. П. Че­хов ж. б. зор салым кошушту. Кыргыз драма­тургиясында К. жанрын калыптандырууда ж-а өнүктүрүүдө кыргыз ад-тынын көрүнүктүү чебер­лери К. Жантөшев («Ким кантти?»), Р. Шү­күрбеков («Эки дос»), М. Алыбаев («Курорттогу окуя»), Т. Абдумомунов («Машырбек үйлөнөт») ж. б. К-га кайрылышты.


Ад.: Штейн А. Л. Веселое искусство комедии. М., 1990; Андреев М. Л. На границах комедии. М., 2002.