КОМАРОВ МӨҢГҮСҮ
КОМАРО́В МӨҢГҮСҮ , К ы з ы л - Ү ң ө т м ө ңг ү с ү – Какшаал кырка тоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги ири мөңгү. Уз. 10,7
км, ая нт ы 29,3 км 2. Какшаал д-нын сол түзүүчүсү – Мүдүрүмдүн алабынан орун алган.
Мөңгүнүн башы 5210 м, этеги 3900 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4050 м. Абляциясынын аянты 9,9 км2. Үч зор мөңгүнүн кошулушунан түзүлөт. Үч мөңгү бириккенден кийинки
«тилинин» уз. 2,5 км, туурасы 3 кмге жетет. Ал жазы келип, өрөөндүн таманына тик түшөт. Этегине жакын чакан жаңы этек моренасынын
жатышы – мөңгү жакынкы мезгилде эле 30–
40 мге чегингендигин айгинелейт. Кар сызыгы-
нан жогору жыл бою кар жатат. Мөңгүдөн Кызыл-Үңөт суусу башталып, Мүдүрүмгө куят.