КОМАНДА
КОМА́НДА с п о р т т у к – мелдешке катышуучу өлкөнүн, шаардын ж. б. бирдиктүү клуб, коом спортчуларынын тобу. К-нын саны спорттун түрү ж-а мелдеш ж-дөгү жобо б-ча аныкталат. Ар бир К-да жетекчи болот. Ал К-нын тартибине жооп берет, чүчү кулак кармаганга, калыстар коллегиясынын жыйынына катышат. Машыктыргыч түздөн түз К-нын мелдешке даярдыгына жоопкер болот. Курама К-да бир нече машыктыргыч (бири негизги) болушу мүмкүн. Ар бир К. ачык добуш м-н өз капитанын шайлайт, ал таймаштын жүрүшүндө аянттагы оюнчулардын аракетине жетекчилик кылат. Айрым учурда капитан К-нын өкүлчүлүк милдетин да аткарат.