КОЛЫМА ТАЙПАК ТООСУ
КОЛЫМА́ ТАЙПАК ТООСУ , Г ы д а н негизинен Магадан обл-нун аймагында, Түн.-Чыгыш Сибирде жайгашкан. Сунтар-Хаята кырка тоосунан чыгышты, Кичи-Анюй д-нын өрөөнүнөн түн.-чыгышты карай Анадырь д-нын башатына чейин 1300 кмге созулуп, Колыма д-нын алабын Тынч океандын алабынан бөлүп турат. Түш.-батыш бөлүгүнүн рельефинде платолор, орто бийиктеги (1500–1800 м) кыска кырка тоолор ж-а граниттүү массивдер басымдуу. Түн.- чыгышында өтө тилмеленген орто бийик кырка тоолор ж-а массивдер жайгашып, тектон. ойдуңдар м-н бөлүнгөн. Эң бийик жери 1903 м (Омсукчан кырка тоосунда). Коркодон ж-а Олой д-нын аралыгында плато сымал зор Омолой массиви өзгөчөлөнүп турат. Негизги кен байлыктары: алтын, калай, сейрек металл кендери, таш ж-а күрөң көмүр, ысык суу булактары. Өрөөндөрүн ж-а тоо этектерин кара карагайлуу сейрек токой ээлеп, 500–800 м бийикте бадалдуу ж-а мамык чөп-эңилчектүү тоо тундрасы м-н алмашат (К. т. т-нун 2/4 аянтын ээлейт). Өрөөндүн таманына жайылма токою мүнөздүү. Лыжа туризми өнүккөн.