КОЛПАКОВА Татьяна Алексеевна

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЛПАКОВА Татьяна Алексеевна (18. 10. 1959- ж. т., Чүй обл., Аламүдүн р-ну, Аламүдүн айы­лы) – спортчу (узундукка секирүү), олимпиялык оюндардын ж-а Кырг-ндын чемпиону ж-а ре-

кордсмени. СССР спортунун

чебери (1978), эл аралык класстагы чебер (1979), СССР спортунун эмг. сиң. чебери (1980). КМДТИни бүтүргөн (1988). 1979-ж. СССР кура­ма командасына кирген. 22- олимпиялык оюндарда 7 м 6 см узундукка секирип, ал­тын медалды жеңип алган (1980, Москва). Европанын кубогуна ж-а 1981-ж. Румы­нияда (Бухарест) өткөрүлгөн Бүткүл дүйнөлүк студенттердин универсиадасына катышып, узун­дукка секирүү б-ча 1-орунга чыккан (6 м 81 см). Эл достугу ордени м-н сыйланган.