КОЛОРИТ
КОЛОРИ́Т (итальянча colorito– лат. color – өңтүс– боёк дегенден) – көркөм сүрөт өнөрүнүн ар кыл боёктордун айкалышып– бирдиктүү бир түстү жаратуусу. К. эмоциялык– психол. туюнтуунун маанилүү куралы болуп– көркөм образды толук ачууга кызмат кылат. Кайсы бир боёктордун басымдуулук кылышына жараша К. жаркын же күңүрт– салкын (көк– жашыл түс басымдуулук кылса) же жылуу (кызыл– сары түс көптүк кылса) ырай болушу мүмкүн. К-ти чебер пайдалана билген сүрөткер колорист– ал эми скульптура м-н арх-радагы К. полихромия деп аталат.