КОЛОРИМЕТР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЛОРИ́МЕТР (лат. color – түс ж-а ...метрия) – түс өлчөөчү ж-а аны сан жагынан туюнтуучу курал. К. визуалдуу ж-а фотоэлектрдик (объек­тивдүү) деп бөлүнөт. Визуалдуу К. көрүү талаа­сынын биринчи жарымында өлчөнүүчү түс, экин­чи жарымында куралдын үч негизги түсүнүн (кызыл, жашыл, көк) аралашмасы жайгашкан түстөрдү теңдөө жолу м-н өлчөйт. Түстү анык­тоо аралашманын түстүк координаталарын өл­чөө м-н ишке ашырылат. Фотоэлектрдик К-де өлчөнүүчү нурланууну талдоо ж-а түстүн коор­динаталарын эсептөө м-н автоматташтырылган түрдө ишке ашырылат. Түстөрдү жогорку так­тыкта өлчөө спектроколориметрлерде жүргүзү­лөт. К. ар кандай тармактарда түрдүү матери­алдын ж-а продуктунун, жарык булагынын, жа­рык чыпкасынын, теле­ж-а кино сүрөттөлүш­түн, полигр. ж-а токуу продукциясынын ж. у. с. түсүн көзөмөлдөөдө колдонулат.