КОЛОРАДО КОҢУЗУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЛОРА́ДО КОҢУЗУ (Leptinotarsa decemli- neata) – курт-кумурскалардын жалбырак жегич­тер тукумундагы жандык; картөшкө ж. б. ит жүзүмдөр уруусундагы өсүмдүктөрдүн коркунуч­туу зыянкечи. Дене уз. 9–12 мм, канатында 5тен кара тактары бар, личинкасы 15 ммге жетет, кызыл же сары кызыл түстө. Европага Түн. Америкадан (Колорадо штаты) келген (1859).
Ургаачысы 2500гө чейин жумурткасын 15–20дан топ-топ кылып, картөшкөнүн жалбырагынын

төмөн караган бетине таш­тайт. Андан 16–24 күндө личинка өсүп жетилет. Би­ринчи муундагы курту жал­бырактын жумшак бөлүгүн, экинчиси өзөгүнөн башкасын жеп, картөшкөнү соолутуп, түшүмүн кескин азайтат. Жерг. шартка оңой көнүп, тез көбөйөт. Коңуздар ташылган жүк ж. б. ар­кылуу тарайт. Каршы күрөшүү чаралары: ка­рантин чектөө, зыянкеч тараган аянтка поли­хлорпинен, кальций арсенаты, хлорофос, фта­лофос чачуу.