КОЛОНКА
КОЛО́НКА – кен байлыктарды издөөдө, чалгындоодо, казып алууда бургулоочу шаймандардын болот түтүктөрү. Диаметри, уз. ар кандай. К-ларды бири-бири м-н улаштырып, терең бургулоочу снаряддар даярдалат. Кенташтан же тоо тектеринен керн (үлгү) алуу үчүн кеңири колдонулат.