КОЛОНАТ
КОЛОНА́Т (лат. colonatus, colonus – дыйкан) –
чыныгы өндүрүүчү (колон) м-н ири жер ээси ортосундагы өндүрүш мамилелеринин өзгөчө формасы. Рим империясында калыптанып, кеңири тараган. К-тык система б-ча мурда бир борбордон башкарылып, кулдар иштетип келген жер менчиги көптөгөн чакан участкаларга бөлүнүп, колондорго иштетүү үчүн жерлер убактылуу пайдаланууга же ижарага берилген. Колондор жер ээсине алгач акчалай, кийин накталай (жыйналган түшүмдүн бир бөлүгү) алым төлөгөн. К-тын тарыхы эки мезгилге бөлүнөт.
Алгачкы мезгилде (б. з. ч. 2-к. – б. з. 1-к.) жер
ээси майда кул ээси катары эркин колонго участкасын иштетүүгө жерди (ижарага) берген. Ошондуктан К. кул ээлик мамилелердин бир гана формасы болгон. Экинчи мезгилде (б. з. 2-к-дан)
колон майда кул ээси эмес, өз алдынча өндүрүүчүгө айланган (к. Колондор).