КОЛЛЕКТИВДЕШТИРҮҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЛЛЕКТИВДЕШТИРҮҮ – 1920–30-жылдары колхоздоштуруу жолу м-н СССРдин а. ч-сында­гы өндүрүш процессин кеңейтүү ж-а мамлекет­тештирүү. Мамлекет м-н партия жеке менчик дыйкан чарбасын толук көзөмөлгө алыш үчүн К. процессин баштаган. К-нүн башталышына дан даярдоо кризиси себеп болгон. 1925-ж-дан түшүмүнүн молдугуна карабастан, дыйкандар ар кандай себептер м-н мамлекетке данды аз санда өткөзүп, өз пайдасына жумшагандыктан, дан экспорту төмөндөп, шаарларга дан жетпей кал­ган. А. ч-дан түшкөн кирешелер ө. ж-ды өнүктү­рүүгө жумшалмак, натыйжада соц. индустрия­лаштыруу саясатына да коркунуч туулган. 1927-ж. ВКП(б)нин 15-съездинде айыл-кыш­тактарда К-нү ишке ашыруу жарыяланган. 1929-ж. массалык түрдө К. башталган. Колхоз­дун эң жакшы формасы катары а. ч. артелдери белгиленген. 1929-ж. колхоздордун материал­дык-тех. базасын бекемдеш үчүн атайын маши­на-трактордук станцияларды (МТС) түзүү баш­талган. К. кулакка тартуу саясаты (оокаттуу дыйкандардын ж-а К-гө каршылык көрсөткөн дыйкандардын мүлкүн тартып алып, аларды түрмөгө камап, башка жакка көчүрүшкөн же атып өлтүрүшкөн) м-н коштолгон. Жалпысы­нан 5–6 млн киши кулакка тартылып, а. и. 2140 миң киши 1930–38-ж. департацияланган.
К-нүн зомбулук м-н жүргүзүлүшү, кулакка тар­туу, базарларды жаптыруу ж-а атеисттик сая­сат ж. б. дыйкандардын нааразычылыктарына алып келген. Малды массалык түрдө союп жок кылуу башталган. 1931-ж. 4 млн киши айыл­кыштактарды таштап, шаарларга кетип кал­ган. К. Москва ж-а Батыш обл-тарында, Татар АССРинде, Нижегород крайында эң жогорку темпте жүргүзүлгөн. К-нүн репрессиялык-кон­фискациялык чаралары кыштактардын өндү­рүштүк потенциалын бузуп жиберген. 1932-ж. а. ч. өндүрүшүнүн көлөмү 1928-жылга салыш­тырмалуу 1,5 эсеге, мал чарбачылык 53% кыс­карган. 1932–33-ж. Украина, Волга бою, Ставро­поль ж. б. р-ндордо ачкачылыктан 5 млн адам өлгөн. К. негизинен 1937-ж. аяктаган. 1930– 37-ж. жалпы К-нүн ж-а кулакка тартуунун жү­рүшүндө дыйкан чарбаларынын саны 25,6 млн­дон 19,9 млнго чейин кыскарып, а. и. 18,5 млн (93,9%) 243,7 миңи колхозго бириктирилген. К-нүн натыйжасында мамлекет колхоздордон түшкөн кирешелерди өз пайдасына жумшоого мүмкүнчүлүк алган. 1935–37-ж. а. ч. өндүрүшү калыбына келе баштаган.


Ад.: Ивницкий Н. А. Коллективизация и раскула­чивание (начало 30-х гг.). М., 1996; Зеленин И. Е. Сталинская «революция сверху» после «великого перелома». М., 2006.

К. Алымкулов.