КОЛИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЛИ́Т – жоон ичегинин сезгениши. Ичеги-ка­рын жолунун көп кезигүүчү оорусу. К-тин пай­да болушуна инфекция, тамактануунун бузулу­шу, уулануу себеп болушу мүмкүн. О. эле уре­миялык ууланууда, карын м-н ичке ичегиде тамак сиңирүү начарлаганда (гастрит, панкре­атит, гастроэнтерит), кээ бир антибиотик­ти, ич алдырма дарыны өз алдынча узакка кол­донгондо болот. К-тин себебине ж-а оордугуна жараша жоон ичегинин үстүнкү бети сезгенүүдөн некроздуу жарага чейин жабыркайт. К. катуу кармаган ж-а өнөкөт болуп айырмаланат. Иче­ги инфекциядан же уулануудан жабыркаганда катуу кармаган К. пайда болот (к. Дизентерия, Уулануу). Анда оорулуунун алы кетип, тамак­ка табити тартпай, ичи толгоп ооруп, ичи өтөт. Эгерде К. инфекциядан болсо, дене ысыйт. Ка­туу кармаган К-ти туура эмес же чала дарыла­ганда өнөкөт түрүнө өтүп кетиши мүмкүн.
Өнөкөт К. кээде инфекциясыз эле пайда болот. Ага туура эмес тамактануу, чала чайноо, спирт ичимдиктерин көп ичүү себеп болот. Мында иче­гинин кыймылы (перистальтикасы) начарлайт, ичеги зили ж-а былжыры начар бөлүнөт, жоон ичегиден суюктукту соруу процесси өзгөрүлөт. К-тин белгилери оордугуна, жайылышына ж-а стадиясына жараша ар түрдүү болот. Ал карма­ган учурда тамакка табити тартпай, жүрөгү айланып, алы кетет. Заңдаарда же андан ки­йин ич ооруйт. Күнүнө 3–4 жолу ич өтүп, кайра катып, көөп, курулдашы мүмкүн, ириң же кан аралаш заңдайт. К-тин өнөкөт түрү бирде жакшы болуп, кайра кармап турат. Жоон иче­гини дүүлүктүрүүчү ж-а аллергиялык реакция чакыруучу тамак-аш ичүү, өтө чарчоо, тамак сиңирүүчү башка органдардын ишинин бузулу­шу К-ти күчөтөт. К-ти алдын алууда катуу кар­маган ичеги ооруларын өз убагында туура да­рылоо, тамактануу тартибин сактоо өтө маа­нилүү.