КОЛИБАКТЕРИОЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЛИБАКТЕРИО́З , а к ч ы ч к а к – жаш төлдүн жугуштуу ылаңы. Ылаңды ичеги таяк­часынын түрдүү штаммдары козгойт. К-го неги­зинен 5–7 күндүк төл чалдыгат, алардын ичеги­карыны сезгенип, айрым учурда ичеги таякча­сы бүт денеге жайылат. Дене темп-расы ылаң­дын башталышында 40–41°Сге чейин көтөрүлөт, чычкактайт. Алдын алуу үчүн жаңы төлгө им­мундоо жүргүзүлөт, мал короону таза кармоо ке­рек.