КОКУС ЧОҢДУК
КОКУС ЧОҢДУК – ыктымалдык теориясындагы негизги түшүнүктөрдүн бири; ыктымалдыгы сыноонун кокусунан чыккан натыйжасына жараша ар кандай мааниге ээ чоңдук. Мис.,
чүкөнүн алчы түшүүсүндөгү упай саны – ар бири
1/6 ыктымалдыктагы К. ч-тун мааниси 1, 2, 3,
4, 5, 6. Ал үзгүлтүктүү ж-а үзгүлтүксүз болуп айырмаланат. Үзгүлтүктүү К. ч-тун маанилери белгилүү бир ыктымалдык м-н кабылданат.
Үзгүлтүксүз К. ч. өз ыктымалдык тыгыздыгы
м-н мүнөздөлөт. Эгер К. ч. ар кандай маанинин
чектүү же чексиз удаалаштыгына ээ болсо, анда анын ыктымалдык бөлүштүрүлүүсү (бөлүштүрүү закону) чектүү ж-а чексиз болуп, дискреттүү К. ч. деп аталат. К. ч-тун ыктымалдык бөлүштүрүүсүнүн жалпы касиеттери сандык мүнөздөмө м-н берилет, б. а. математикалык күтүү ж-а анын дисперсиясы м-н мүнөздөлөт. К. ч. түшүнүгүн ж-а анын матем. күтүүсүн орус математиги П. Л. Чебышев (1867) биринчи баалаган. Кийин бул теорияны А. Н. Колмогоров (1933)
өнүктүргөн ж-а жалпылаган. К. ч. матем. анализде, сандар теориясында ж. б. тармактарда кеңири пайдаланылат.
Ад.: Чебышев П. Л. О средних величинах//Полн. собр. соч. Т. 2. М.; Л., 1947; Колмогоров А. Н. Основные понятия в теории вероятностей. М., 1974.