КЕНДИР КУУРАЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:58, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕНДИР КУУРАЙ (Abutil on Adans.) – өсүмдүктөрдүн гүлкайырлар тукумундагы чөп же бадал уруусу. 100дөй түрү негизинен тропик же субтропикте таралган, анын ичинде теофраст (A.


theophrasti Medic) ж-а авиценна (A. avicennae Gartn.) кендир куурайы көп кездешет. А в и ц е н н а

кендир куурайы – бир жылдык була өсүмдүк. Жапайы ж-а эгилме түрлөрү бар. Т е о ф р а с т кендир куурайынын сабагы түз (бийиктиги 3–4 м) жумуру, кыска, майда тикен м-н капталган, өзөк тамырлуу (тамыры жерге 1 мге кирет). Жалбырагы кезектешип жайгашат. Гүлү сары, саргыч кызыл, чоң, бир­ден же чачы сымал топ гүлү жалбырак колту­гуна чыгат. Уругу майда; 1000 уругунун салмагы 14–18 г. Вегетация мезгили 100–150 күн. Күрдүү жерде жакшы өсөт. Була алуу үчүн өстүрүлөт. Сабагында 25% була болот. Буласынан мүшөк, аркан, жип жасалат. Уругунан 16–20% май алы­нып, самын, олифа, сыр даярдоодо пайдаланы­лат. Зыянкечтери: сабак жегич көпөлөк. Ил­деттери: фузариоз, боз чирик.