КЕМИТҮҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:45, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕМИТҮҮкошууга карама-каршы амал.
Кемитуунүн негизинде бир тектүү эки чоңдук боюнча ошол тектеги үчүнчү чоңдук аныкталат. Кемитуу – белгиси м-н белгиленет. Чыныгы сандардын көптүгүндө кемитуу а – b=d, мында а, b – чыныгы сандар, а – кемүүчү, b – кемитүүчү, d – айырма. Эгер а > b болсо, d – оң сан, а<b болсо, d – терс сан болот. Комплекстүү сандардын көптүгүндө (а+bi) –(c+di)= (a–c)+(b–d)i. Кемитуу векторлорго, тензорлор­го да колдонулат, к. Вектордук эсептөө, Тен­зордук эсептөө.