КЕМИРҮҮЧҮЛӨР
КЕМИРҮҮЧҮЛӨР (Rodentia) – сүт эмүүчү жаныбарлар түркүмү. Дене уз.ундугу 5–130 смге, салмагы 5 кгдан 60 кгга жетет. Алдыңкы буттары 5 же 4 манжалуу, арткысы 3–4–5 манжалуу.
Ортоңку 2 жуп кашка тиши курч, чоң, дайыма өсүп турат. Катуу өсүмдүктү майдалайт. Кыл-

кыйма тиштери жок. Кемируучулор бардык табигый аймактарда таралган. КМШ өлкөлөрүнүн фаунасындагы сүт эмүүчүлөрдүн жарымынан көбүн түзүп, ар түрдүү ж-а көп санда мелүүн ж-а субтропик алкактардын, айрыкча кургакчыл аймактардын ачык жерлеринде таралган. Аяктарынын түзүлүшү ийин казууга, сүзүүгө, кош буттап жүрүүгө (кош аяктар), жармашууга ж-а учууга (учкуч тыйын чычкан) ыңгайланган, кемируучулр – тукумчул жаныбарлар. Тиричилигин жер үстүндө (жарганаттар, келестер ж. б.), жер астында (буроо баш, сокур момолойлор ж. б.), сууда (куну, ондатра ж. б.), даракта (тыйын чычкан, барак куйрук чычкан ж. б.) ж-а жерде өткөрөт. Алардын ийин казуусу кыртыш пайда кылууга чоң таасир тийгизип, өсүмдүктүн түшүмүн жогорулатат. Азыркы жашаган кемируучулор 3 түркүмчөгө: тыйын чычкан сымалдар (куну, келестер ж. б.), чүткөр сымалдар (дарак чүткөрү, доңуз чычкан, суу доңузчасы ж. б.) ж-а чычкан сымалдар (барак куйрук чычкан, кош аяк, аламандар ж. б.) бөлүнөт. Көп түрү талаа ж-а токойлуу талаада жашайт. Көпчүлүгү өсүмдүк, курт-кумурска, айрымдары балык м-н, кээ бири ылгабай азыктанат. Жер жүзүндө 2000дей түрү бар. КМШ өлкөлөрүндө 14–15 тукуму, 150гө жакын түрү, Кыргызстанда 31 түрү кездешет. Көпчүлүк кемируучулор адам үчүн коркунучтуу оорулардын козгогучун алып жүрүшөт. Кээ биринин териси өтө баалуу (куну, тыйын чычкан, ондатра ж. б.).