КЛЕОПАТРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:43, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЛЕОПА́ТРА VII (б. з. ч. 69, Александрия – б. з. ч. 30, ошол эле жер) – Птолемейлер динас­тиясынын акыркы падышасы, Птолемей XIIнин (Авлеттин) кызы, Птолемей XIIIнүн карындашы ж-а аялы, 51-жылдан мамлекетти аны м-н кошо бийлеген. Күйөөсүнөн бийлик талашып, 48-ж. Сирияга куулган. 47-ж. Александрия согушунан кийин Ю. Цезардын жардамы м-н Египетке кай­ра келген. Цезардан уулдуу болгон (Цезарион). К. 41-жылдан М. Антонийдин союздашы болуп, 37-ж. ага турмушка чыккан. Октавиан (Август) м-н болгон согушта жеңилгенден кийин Анто­ний ж-а К. өздөрүн өздөрү өлтүрүшкөн. К-нын образы ад-тта (У. Шекспир, Б. Шоу) ж-а иск-во­до (Д. Рубенс, ж. б.) кеңири чагылдырылган.

Клеопатра VII тирүү кезинде жасалган оригиналдын мрамор көчүрмөсү. Б. з. ч. 40-ж. чен; Берлин, Мамл. музей.