КОКС КӨМҮРҮ
КОКС КӨМҮРҮ – жаратылышта кездешүүчү
отундун (таш көмүр, нефть ж. б.) абасыз чөйрөдө, өтө жогорку темп-рада өзгөрүшүнөн пайда болгон катуу зат. Пайда болушуна жараша таш көмүр, пек, нефть коксу деп үч түргө бөлүнөт. Көпчүлүгү таш көмүрдүн өзгөрүшүнөн келип чыгат. Эгерде т а ш к ө м ү р д ү темп-расы
900–1050°Сге жеткен кокстоочу меште ысытса,
түрдүү түспөлдөгү, боз түстүү, майда көзөнөкчөлүү
катуу зат алынат. Бул К. к. деп аталат. Ал домна мештеринде, чоюн эритүүдө колдонулат.
П е к – көмүртекке бай, боз түстөгү жылтырак
зат. Электрод өндүрүлөт. Н е ф т ь коксу нефтини кайра иштетүүдө алынат.