КОКС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОКС – отундарды абасыз чөйрөдө жогорку темп-рада ысытуудан (кокстоо­дон) алынган катуу зат. К-тун көпчүлүгү таш көмүрдөн алынат. Таш көмүр К-у – майдалан­ган көмүрдү кокс мешинде ысытуудан (900– 1050°С) алынган майда тешиктүү катуу отун. Ку­рамы б-ча графитке жакын. Жылуулук бөлүп чыгаруу жөндөмдүүлүгү орт. алганда 7950 ккал/кг. Негизинен (80%) металл өндүрүүдө отун ж-а металлдарды калыбына келтиргич катары кол­донулат. Жогорку темп-раны пайда кылуу м-н ылдам күйүшү, калыбына келтиргич сапаты анын көңдөйчөлөрүнүн көптүгүнө (45–55%), май­даланган бөлүкчөлөрүнүн кесектигине жараша болот. Көңдөйчөлөрү канчалык көп, кесегирээк бөлүкчөлөрдөн турса, анын беттешүү аянты


ошончолук жогору болуп, ылдам күйөт ж-а ка­лыбына келтирет. Ал домна мештеринде ме­таллдардын оксиддерин металлдарга айланды­рууда ж-а чоюн алууда колдонулат (к. Кокс­тоо).