КОКО ТИКЕН
КОКО ТИКЕН (Cirsium) – өсүмдүктөрдүн татаал гүлдүүлөр тукумундагы уруусу.

Сабагынын бийикт. 50–130 см. Жалбырагы жөнөкөй, жээги тикенектүү, майда тишчелүү. Себетче гүлдөрү калемче же шыпыргыдай топ гүлгө чогулган. Көп жылдык, чанда эки жылдык өсүмдүк. Анын Түн. жарым шарда 200дөн ашуун, Кырг-нда 13 түрү кездешет. К. т. отоо чөп катары айдоодо, шалбаада өсөт, айдалган өсүмдүктөрдүн түшүмүн азайтып, сапатын начарлатат. Күрөшүү чарасы: которуштуруп айдоо, эрте тоңдурмалоо, гербидцид чачуу ж. б.