КОКОН АВТОНОМИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОКОН АВТОНОМИЯСЫ , Т ү р к с т а н а в­т о н о м и я с ы – Кокон хандыгынын ордуна түзүлгөн улуттук-демокр. мамл. түзүлүш. Ал Россияда жүрүп жаткан рев-яларга (к. Февраль революциясы, Октябрь революциясы ж. б.) бай­ланыштуу 1917-ж. 26–29-ноябрда (9–11-декабрь) жерг. элдин улуттук кызыкчылыгын коргоо мак­сатында Түркстан мусулмандарынын крайлык 4-съездинде жарыяланган. Бирок почта-телеграф кызматкерлеринин узакка созулган иш таштоосу ж-а демокр. багыттагы гезиттердин катуу кө­зөмөлдө болушу съезд ж-дө кабарды жер-жер­лерге жеткирүүгө тоскоол болгон. Съезддин ишине 203 депутат, алардан сырткары «Шура-и Ислам» саясий партиясы ж. б. уюмдардан өкүлдөр катышып, Түркстанды башкаруу, Түш.- Чыгыш союзуна (советтерге каршы Дон казак­орус өкмөтү тарабынан түзүлгөн Түн. Кавказда­гы уюм) кошулуу, Түркстан мусулмандар кеңе­ши, анын Аткаруу к-тин кайра шайлоо, учур­дагы абал, о. эле Түркстан уюмдаштыруу жы­йыны, крайда финансылоо ж-а милицияны уюштуруу маселеси каралган. 27-ноябрь, түнкү саат 24тө Улуу орус рев-ясынын улуттардын өзүн-өзү башкаруу ж-дөгү идеясын жетекчилик­ке алып, «Россия Федеративдүү Республикасы­нын курамында Түркстан улуттарынын аймак­тык эркин автономиясы түзүлдү» деген саясий чечим кабыл алынган. 28-ноябрда уюмдашты­руу чогулушу чакырылганга чейин бүт бийлик Түркстандагы Убактылуу кеңешке ж-а Түркстан Элдик жыйынына таандык деп жарыяланган. К. а-нын мыйзам чыгаруучу органы катары 54 адамдан турган Түркстан убактылуу совети ж-а өкмөт курамы түзүлүп, ага М. Тынышбаев (төра­га), М. Чокай (адегенде тышкы иштер минис­три, кийин төрагасы), Агеев, Хожаев ж. б. ки­ришкен. К. а. Россияда түзүлгөн өкмөткө ка­рама-каршы болбой, тескерисинче В. И. Ленин­дин идеялары ишке ашып жатканын ж-а «өкмөт өзүнүн бирден-бир милдети – азчылыктын укук-


тарын коргой тургандыгын» белгилешкен. Өз алдынча басма сөзү катары «Свободный Туркес­тан», «Знамя свободы» (орус тилинде), «Эл бай­рак» (казак, кыргыз, өзбек тилдеринде) ж. б. жарыяланып турган. Кокондогу бул жаңы өк­мөттүн кадыры тез өсүп, «Шура-и Ислам», «Ит­тифак», «Мусулман эмгекчилеринин союзу» ж. б. уюмдар да аны колдоп чыгышкан. Мын­дай абалда большевиктер провокацияга баруу­га аргасыз болуп, 13-декабрдагы бейтарап ми­тинг учурунда саясий ыдык көргөн деп, түрмөдө жаткан адамдарын бошотууга жетишкен. Ошон­дон кагылышуу башталып, 16 киши өлүп, түр­мөдөн бошотулгандар кармалып, өлүм жазасы­на тартылган. Ушундай кандуу окуядан кийин Түркстан Эл комиссарлар кеңеши м-н Ташкент шаардык кеңеши В. И. Ленинге кайрылып, ага саясий баа берүүнү сураган. Улут маселеси б-ча комиссар И. В. Сталин ага «бийлик силердин колдо, демек директиваны да өзүңөр чыгаргы­ла» деп жооп берген. Анын негизинде больше­виктер «Автономияны түзүү жөнүндөгү маселе­ни Уюмдаштыруу жыйыны гана чечиши керек», «Кеңеш өкмөтү автономия курууга каршы эмес­тигин, бирок ал сөзсүз пролетардык формада бо­луу керектигин» айтып, Түркстан мусулманда­рынын 4-съездинде кабыл алынган токтомдор­ду ж-а К. а-н мыйзамсыз деп тапкан. Ага жооп кылган Түркстан демокр. кыймылы жалпы мусулмандардын 4-съездинин чечимин колдоо­го алып, 1917-ж. 25-декабрда Кокон ш-нда му­сулман жумушчу-дыйкан ж-а солдаттардын чукул чакырылган I съездин өткөрүшкөн. Ага катышкан 200 делегат жалпы мусулмандардын 4-съезди кабыл алынган чечимдерди колдогон токтом кабыл алышкан. Бирок мусулмандар­дын «Улема» партиясы ж-а Жети-Суу демокр. кыймылы К. а-н колдоодон баш тартышкан. Ушуну м-н 20% калк шайлаган Ташкент шаар­дык кеңеши туура, ал эми калктын басымдуу бөлүгүнүн ой-тилегин көздөгөн мусулман эли­нин эки съездинин чечимдери туура эмес болуп табылып, крайда кош бийлик орногон. Натый­жада ага атаандаш Ташкент эл комиссарлар Со­вети К. а-нын мыйзамсыз деп эсептеп, 1918-ж. февраль айында аларга куралчан интервенция уюштурган. Туруктуу аскери, курал-жарагы жо­гунан К. а. тез эле кулап калган. Көптөгөн бей­күнөө адамдар набыт болуп, К. а-н жоюунун мындай жолу коомчулукту иренжиткен. Мис., ага катышкан Д. И. Мажара: «–бул жүрүштөн –автономияны– каалагандар гана эмес, аларга каршылар да жапа чекти. Талап-тоноо, зордук­тоого жол берилди»,– деп жазган. Бирок боль­шевиктер басымдуулук кылган Кеңеш мындай күнөөнү мойнуна албай, уяткаруу м-н гана чек­телген. 1918-ж. май айында «Шури-и-Улема» таркатылат ж-а демокр. маанайдагы гезит-жур­налдар жабылып, алардын жетекчилерин куу­гунтуктоо башталган.


Ад.: Национальный вопрос на перекрестке мнений, 20-е годы: документы и материалы/Сост. В. А. Горный и др. М., 1992; Абдуллаев Р. М. и др. Туркестан в начале XX века: К истории истоков национальной независимости. Таш., 2000; Исхаков С. М. Российские мусульмане и революция (весна 1917 г. – лето 1918 г.). М., 2003; Джуманалиев А. Политическая история Кыргызстана: Становление политической системы Кыргызского общества. Б., 2005; Агзамходжаев С. История Туркестанской автономии (Туркестан мух­торияти). Таш., 2006.

К. Алымкулов.