КОКОН шаары

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:40, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОКОН – Өзбекстандын Фергана обл-ндагы шаар. Фергана ойдуңунун түш.-батышында, Сох д-нын төмөн жагында жайгашкан. Калкы 206 миң (2008). Т. ж. тоому. Жеңил (пахта тазалоо­чу з-ддор, байпак комбинаты, тигүү ф-касы), хим., тамак-аш (май), машина куруу ж-а ме­талл иштетүү (текстиль ж-а электр-тех. ө. ж. үчүн) ө. ж. бар. Пахта тазалоочу ишкана үчүн жабдуу ж-а фосфор жер семирткичин чыгарат. Пед. ин-т, театр, Х. Н. Хамзанын үй-музейи, край таануу ж-а ад-т музейи бар. Алгач 10-к-да Хувакенд, Хоканд, Хавокент, Хавокин деп эс­керилет. Индиядан Кытайга кеткен кербен жол­дун жээгинде жайгашкан. 13-к-да моңголдор та­рабынан талкаланган. Кийин К-нын ордунда Эски-Коргон чеби пайда болгон. 1732-жылдан шаар. 1740-ж. Кокон хандыгынын борбору, ди­ний ордосу болгон. 1876-ж. Россия империясы­на кошулуп, Түркстан генерал-губернаторлугун­дагы Фергана обл-нун курамына кирген. О. Азия­дагы ири соода борбору. 1917-жылдын аягы – 18-к-дын башында Кокон автономиясынын, 1924-жылдан Фергана обл-ндагы Кокон р-нунун борбору, 1991-жылдан Өзбекстан Респ-нын ку-

Кокон ш-ндагы край таануу музейи. 1863–73-ж. Ку­даяр хандын ордосу.

рамында. 18–19-к-дын арх-ралык эстеликтери [Медресе-и Мир (18-к-дын аягы); Нарбото-бий медресеси (1799, учурда мечит); Дахмаи-Шохон ж-а Мадари-хан күмбөздөр ансамбли (экөө тең 1825); Кудаяр хандын ак сарайы (1871); Камол казы, Зимбардор ж-а Хуржам медреселери (баа­ры 1827) ж. б.] сакталган. К-дагы мурдагы орус банкынын имараты (1903, 1963-жылдан Гафур Гулям атн. ад-т музейи), Крафттардын үйү (1903, азыр шаардык аскер комиссариаты) ж. б. бар. Эстеликтер (гражд. согуштун баатырларынын боордоштук бейити түбөлүк от ж-а обелиски м-н, 1965; Улуу Ата Мекендик согуштун каты­шуучуларынын, 1981; «Эстелик-Хотира» мемо­риалдык комплекси, 1985 ж. б.) орнотулган. Кол өнөрчүлүк (жезди чегелөө, токуучулук, жыгач­ты кооздоо) өнүккөн. Элдик иск-вонун көөнө борбору.


Ад.: Тухтасинов И. Коканд. Справочник. Таш., 1969; Круковская С. М. Встречи с Кокандом. Таш., 1977; Лукашов Н. А. Коканд. Таш., 1988.