КОЙЧИЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:40, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЙЧИЕВ Турсунбек (14. 10. 1941-ж. т., Чүй обл., Жайыл р-ну, Сары-Булак айылы) – КРдин эл сүрөтчүсү (2007), КРдин мад-тына эмг. сиң. ишмер (1993), СССР ж-а КР сүрөтчүлөр союзу­нун мүчөсү.

Фрунзедеги көркөм сүрөт окуу жайын бүткөн (1964). Анын чыг­лыгы пей заж жанрында 1960-жылдарда калыптан­ган. 1965-жылдан респ. көргөзмөлөргө катыша баш­таган. Кырг-нда совет бий­лигинин орношуна арнал­ган «20-жылдардагы Кыр­гызстан аялдары» аттуу туңгуч тематикалык трип­тихи м-н таанылган. «Чөп чабыкта» (1973), «Тоодогу кеч» (1974–75), «Сууга түшүп жаткан кыздар» (1974) ж. б. пейзаждык чыгармаларын­да кыргыз жеринин кайталангыс сулуулугун даңазалайт. К. 30дан ашык респ., бүткүл союз­дук ж-а эл аралык (Швеция, Бельгия, Моңго­лия, Италия) көргөзмөлөргө катышкан. Анын чыгармалары Кыргыз улуттук көркөм сүрөт му­зейинде, о. эле Франция, АКШ, Кытай, Герма­ния, Түркия, Россия ж. б. өлкөлөрдөгү менчик коллекцияларда сакталуу.

Т. Койчиев. «Кара-Көл». 2008.