КОЙЧИЕВ Мамбет (1899,
Нарын обл, Ак-Талаа р-ну, Кара-Ой айылы – 13. 4. 1974, ошол эле жер) – малчы, Соц.
Эмг. Баатыры (1948).

Нарын обл-нун Ак-Талаа р-нундагы 1-Май, Тоголок Молдо атн. колхоздордо жылкычы болуп иштеген. 1947-ж. 50 бээден 50 кулун алып, аман асыраган. Ленин ордени м-н сыйланган.