КОЙЛУ ГРАФИТ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЙЛУ ГРАФИ́Т КЕНИ Ысык-Көл обл-нун Ак- Суу р-нунда, Эңилчек кыш-нан 30 км аралык­та, Койлу өрөөнүнүн оң жээгинде, деңиз деңг. 3600–3700 м бийикте. Кен 1983–95-ж. изилден­ген. Байыркы метаморфизмделген калың кат­мардын ичинде, графиттешкен гранит-гнейс линзасы м-н кендүү катмар, калыңдыгы 30– 100 м, уз. 3 км болгон графиттүү горизонтту түзөт. Графит кабаты 10 мден 500 мге жетип, калыңдыгы 3–4 мден 20–75 мге чейин өзгөрөт.
Кабаттагы графиттин өлчөмү 1%тен 27%ке че­йин. Иргелген концентратта графит 89%ке же­тет. Изилдөөнүн негизинде (Украина ИА) алмаз күкүмү ж-а кристаллдары алынган. Арпа-Такыр участкасында графит кенташынын С12 ка­тегориясы б-ча запасы 7717 миң т, графит – 268 миң т.